<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><title>Жанымда болгуң келет Сен ар дайым</title>
<lyrics>[V1]
 Ыйык Рух жан-дүйнөмдү аралагын,
 Абийиримди күнөөлөрдөн тазалагын
 Өткөрчү ишенимден ишенимге,
 Ыйык Сөз жүрөгүмдү саймалагын,
 Ыйык Сөз жүрөгүмдөн орун алгын

[V2]
 Төгүлдү, Ыйса Теңир, ыйык каның
 Төлөп Сен күнөөм үчүн, сатып алдың
 Баспасам Сен көрсөткөн жолуң менен,
 // Атаке, жүрөгүңдү жаралармын //

[V3]
 Өзүңсүң Теңир менин жаратканым,
 Таңгансың сүйүүң менен жараттарым
 Жетелеп бийиктиктен бийиктике,
 Жанымда болгуң келет Сен ар дайым
 Жанымда болгуң келет Сен күн айын</lyrics>
</song>